Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 02.08.2019 17:03 На русском

Ленин чокусундагы бизнес: Топоз жана төө менен киреше тапкан чоң-алайлыктар. Видео

Turmush -  Туристтик мезгилдин башталышы менен Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна келген чет элдиктердин саны көбөйө баштайт. Сары-Могол айылынын 49 жаштагы тургуну Нурбек Паязов туристтерге топоз мингизип киреше табат.

Анын айтымында, Сары-Могол айылынын тургундары мал чарбасы менен гана алектенбестен, туристтерге ар кандай кызматтарды көрсөтүп киреше табууга өтүшкөн.

«Мен жаш кезимден эле топоз багып чоңойдум. Топоздорго жакынмын. Учурда жергиликтүү туристтик компаниялардын биринде гид болуп иштейм. Ойлонуп отуруп, туристтерге топоздорду миндирип киреше табуу идеясы келди. Анан үй-бүлөм менен кеңештим. Учурда топоз миндирип жакшы киреше таап жатам. Топоз минип бир жолу сүрөткө түшүүнүн баасы 50 сом, ал эми кыдыртып келүү убактысына жараша 100-200 сомго бааланат. Топозду бир жашынан баштап эле мингенге үйрөтө баштайбыз. Учурда туристтерге мингизип жаткан топоз 3 жашта. Жини келип, чарчаганда адамды кубалап, сүзөт. Өзүмдүн 100 топозум бар. Тоолуу аймакта топоз багуу кирешелүү чарба. Алардын эти базарда 330 сомдон сатылат. Топоз дары чөптөрдү жегендиктен, эти да калориялуу болот», - деди Н.Паязов.

3 жылдан бери Ош облусун кыдырып жүргөн 31 жаштагы британиялык Анно өмүрүндө биринчи жолу топоз мингенин билдирди.

«Мен Ош шаарына келгенде топоз мингенге кызыгып калдым. Быйыл сөзсүз топоз минем деп максат койгом. Буга чейин Улуу Британияда эшек, ат минип жүргөм, коркуу сезими болгон жок. Анткени өзүмдүн мекенимде эшек минип көнүп калыптырмын. 3 жылдан бери Ош шаарында жашайм. Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып чыкмайынча кетпейм. Кесибим боюнча мал доктурмун», - деди Анно.

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Манас Үсөнов 24 жаштагы төөсүн мингизип киреше табат.

«Төөнүн сүтү да, жүнү да баалуу. Анткени анын жүнүнөн ар кандай ооруларга пайдалуу жана жеңил, жылуу кийимдер, жер төшөктөр жасалат. Сүтүн дагы дары деп алышат. Төөгө минип сүрөткө түшүү 50 сом, кыдыртып келүү 150-200 сом болот. Төөнү "чөк" десең өзү жатат, кардарлар миңгенден кийин кайра өзү туруп кетет. Төөбүз жоош. Көбүнчө туристтер көп убакытка акчасын төлөп минишет. Негизи төө 40 жыл жашайт деп уккам. Ал уй, жылкыларга караганда чөптү аз жейт. Күнүнө 10-15 литр суу ичет», - деди М.Үсөнов.

Ал 12 жылдан бери аш-тойлордо дагы төө мингизип киреше таап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×