Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.08.2019 17:55 На русском

«Жашоо мага эле керекпи?»: Тургундарды сабап, парламентте бышактап ыйлаган Ак-Талаадагы жетекчи айымдар

Turmush -  Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районунда аялзатынан 3 айыл өкмөт башчы чыккан.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, союз тарагандан кийин Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчылыгына Динара Исамамбетова, Үгүт айыл өкмөтүнүн башчылыгына Айгүл Орозобекова жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчылыгына Гүлмайрам Үчүгөнова шайланган.

Исамамбетова Динара Жанышовна 1964-жылы туулган. 2005-жылы 4 жылга эл тарабынан шайланса, 2009-жылы кайрадан айылдык кеңештин депутаттары тарабынан 4 жылга шайланган. Бирок 3 айдан соң акимдин орун басарлыгына дайындалып, айыл өкмөт башчылык кызматын токтоткон. Учурда райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенип келүүдө.

Талкаланган чарба, таза суунун тартыштыгы, жүрөк өйүткөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында кызматка аттанган Д.Исамамбетова акимдин орун басары кызматы менен айыл өкмөт башчысы кызматынын айырмачылыгы боюнча оюн айтты.

«Бул эки кызматтын айырмачылыгы мындай: айыл өкмөт башчысында айылдын экономикасын көтөрүү башкы максат болсо, акимдин социалдык тармактар боюнча орун басарынын милдети социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү керек эле. Ал кезде социалдык тармактар боюнча иштеген мекеме-ишканалардан жоопкерчиликти талап кылып иштечүбүз», - деди ал.

Айыл өкмөт башчы кезинде айдоо аянттардын арыгын тазалоого чыкпай койгон тургундарды таяк менен сабаган.

«Жазгы айдап-себүү маалы эле. Сугат суу келе турган арыктарды тазалоо боюнча эл менен сүйлөшүп, эртеси айдоо жерге барсам эч ким жок. Жиним келип, жол жээгиндеги талдан 1 жоон, 1 ичкерээк 1 метрдей таякты айдоочума даярдатып алып кайра айылга кирдим. Баягы арык тазалоого барам дегендер топтошуп алып, «эргулдан» ичип отурушат. Жетип барып эле эки-үчөөнү жон талаштыра чаап-чаап жиберсем, качкан боюнча арыкты көздөй жөнөштү. Андан ары барсам, кайын эжемдин күйөөсү шашымыш болуп келе жатыптыр. Аны дагы ай-буйга келбей таяк менен бутка чаптым. Жолумду улап бара жатсам жолдошумдун жээни чыкты, бизден улуу эле. Аны дагы буту-колуна чапкылап жибердим. «Жашоо мага эле керекпи, айдоо аянттар мага эле керекпи?» деп ач-айкырыкты салып кыйкыра бериптирмин. Ортодон бир аз күн өтүп, иш кеңсемдин алдында жүрсөм баягы жээн акем «жакшысызбы жеңе?» дейт. «Эмне болду?» десем, «келин башың менен сабадың. Уялганымды айтпа. Мындан ары жеңе деп жүрөйүн» деп тамашалаган», - деди Динара Исамамбетова.

Орозобекова Айгүл Абылгазымовна 1963-жылы туулган. Үгүт айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 2 жолу шайланган. Тактап айтканда, 2009-2017-жылдары айыл өкмөт башчылык кызматты аркалаган. Учурда Бишкекте соода тармагында бухгалтер-программист болуп эмгектенет.

Айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап кетүүгө ушул эле айыл өкмөтүндө жооптуу катчылык жумушу түрткү болгонун айтат.

«Айыл өкмөтүндө өтө чоң жоопкерчилик менен иштөө керектиги туурасында түшүнүк алдым. Айыл элинин мага болгон ишеними чоң болгон деп эсептейм. Ошол ишенимди акташ үчүн намыстанып иш алып барууга аракет жасадым. Мен үчүн иштеп жүргөн ар бир учурум, ар бир көз ирмемдер кызыктуу болгон. Канчалаган кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келген. Айыл толук дотацияда болгондуктан жана айылдын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мамлекет тарабынан алгылыктуу жардам берилбегендиктен жалаң гана чет элдик донордук уюмдар менен иштешүүгө аракет жасадым. Аракеттин арты берекет дегендей, ошол донордук уюмдарга жазган долбоорлордун жана алардын колдоосу менен бир катар иштерди алдыга жылдырууга күчүмдү жумшадым. Аял киши үчүн абдан эле оор болду», - деди Айгүл Абылгазымовна.

Үчүгөнова Гүлмайрам Асановна 1969-жылы туулган. Жогорку билимдүү, журналист. Айыл өкмөт башчылык кызматка чейин Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты болгон. 2016-жылы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын колдоосу менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган.

«Азыр билимдүүлөрдүн заманы. Жетекчи болуу — аял, эркегине карабай жоопкерчилик бирдей. Сабаттуулук дагы өз ролун ойнойт. Аял киши жетекчи болгону өөн деле учурабаса керек. Болгону кыргыздар патриархалдык доорду башынан өткөргөн эл эмеспи. Ошондуктан уул төрөлсө өзгөчө сүйүнүп, эркектер иштесин, алар кыйын деп психологиялык жактан көнүп калганбыз. Азыр заман сенин аял же эркек экениңе карабайт. Билимиңди сынай турчу заман. Ак-Талаадагы 13 айыл өкмөт башчысынын ичинде жалгыз аялмын. Кесиптештерим мыкты жигиттер», - деди ал.

Айылда «Өкмөт апа» атыгып, эл аралык донордук уюмдан утуп алган долбоору жокко чыгарылып калганына стресс болуп ыйлаганын айтат.

«Бир жолу иш кеңсеме кирип келе жатсам, кичинекей бала «Өкмөт апам келе жатат» деп жатпайбы. Кимдин баласы экен деп токтой калдым. «Өкмөт эже» деп бала бакчадагы балдардан бери таанып, учурашса бир чети кубанып, бир чети балдардын, элдин астындагы жоопкерчилигиңди сезет экенсиң.

Эң эле эсимде калган окуя бул болду. Эл аралык донордук уюмга Жерге-Тал айылына бала бакча куруу боюнча долбоор жазып утуп алдык. Аябай сүйүнүп, өздүк салым катары элден 1 млн сомго чукул каражат чогулттук. Марафон өткөрдүк. Акчасы жоктор уй, торпок, кой беришти. Нарында сынак болот дегенде айыл башчым, анын байкеси үчөөбүз түнү менен уктабай, операторлор менен биргеликте бала бакча тууралуу тасма тарттык. Эртеси анын баарын презентация кылып көрсөттүк. Бир жылдан ашык күттүрүп коюшуп, баягы биз менен түзгөн келишимди жокко чыгарып салышты. Абдан стресс болуп, «ушундай кантип болсун, акыйкаттуулук кайда?» деп Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин депутаттарына, ошол уюмдун башкы кеңсесиндеги жетекчилигине чейин бардым. Утуп алган долбоорум, эмгектерибиз боюнча аларга айтып жатканда сүйлөй албай бышактап ыйладым. Алар мени карап алып, «ошого дагы ыйлайсызбы? Ыйлабаңызчы, минтип ар бир нерсеге кейий берсеңиз оорулуу болуп каласыз» дешип мени сооротушканы эсимде», - деди Гүлмайрам Асановна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×