Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусу, Кант 01.08.2019 15:29

Кантта аскер кызматкерлери З.Дудкинаны 82 жаш курагы менен куттукташты

Turmush -  Аскердик аба күчтөрүнүн ардагери, маркум Иван Дудкиндин жесири Зоя Дудкинаны 82 жаш курагы менен Кант шаарындагы аскер кызматкерлери куттукташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

2

Майрамдык дасторкондун үстүндө Зоя Дудкина балдар үйүндө өсүп чоӊойгонун, өтүк тигүүчү кесибин училищадан окуп чыкканын баяндап, өзүнүн жөнөкөй эмес жашоосунан кеп кылып отурду.

«Училищада окуп жүргөнүмдө болочок жолдошум Иван Дудкин менен таанышып калдым. Анда ал Бишкек (Фрунзе) шаарында стажировкадан өтүп жаткан. Таанышканыбызга бир жыл болгондон кийин баш коштук. Анан эки балалуу болдук. Жолдошум Харьков авиациялык училищадан билимин алып чыккан соӊ, Аскердик аба күчтөрүнө кызматка кирген. Ушул Кант шаарында жайгашкан учак базасында кызмат өтөп, учкучтарга тажрыйбасынан бөлүшчү. Ал чынында, өзүнүн татаал жана кызыктуу жашоосун, өмүрүн ушул кесибине арнап койгон. А, мен китеп дүкөндө көп жыл иштедим», - деди ал.

Жолдошунун көзү өтүп кеткенден кийин Зоя Ивановна аскердик аба күчтөрүндө кызмат кылган маркум жоокерлердин жесирлеринин кеӊешин жетектеп калган. Ага 200 апа мүчө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×