Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.07.2019 16:43

3 жылга кепилдик берилген: Өзгөндө асфальт төшөлгөн жол 1 жылга жетпей бузула баштады. Видео

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылында 8 ай мурун асфальт төшөлгөн унаа жол бузула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Куршаб айылындагы Ыдырыс Мырзаев көчөсүндө өткөн жылдын ноябрь айында асфальт төшөлгөн. Жыл айланбай аталган жол асфальт жыттанып, унаалар тынымсыз каттагандыктан, бузула да баштаган. Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Бактияр Табытбек уулунун айтымында, аталган жолду курган компания 3 жылга кепилдик берген. Ал эми Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Ташиев аталган жолдун сапаты боюнча Өзгөн райондук №956 жол тейлөө ишканасына кайрылганын билдирди. Өзгөн райондук жол тейлөө ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Сатыбеков көчө 7-августка чейин толугу менен оңдоло турганын айтты.

«Аталган жолго өткөн жылы мамлекеттик бюджеттен 4 млн 700 миң сомдон ашуун каражат каралып, 1 чакырымы асфальтталган. Быйыл жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам жолду курган компанияга кайрылганбыз. 7-августка чейин жолдор толугу менен оңдолот», - деди Н.Сатыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×