Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 31.07.2019 10:27 На русском

Ноокатта сайга түшүп кеткен жүк ташуучу унаа: Айдоочулар эмнеге нааразы? Видео

Turmush -  Ноокат районунда оор жүк ташуучу унаа сайга түшүп кеткен. Айдоочулар аны сайдан чыгаруу иштерине нааразы болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

28-июль күнү Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндө, тактап айтканда Ош—Исфана унаа жолунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, сайга түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми жүк ташуучу унаа талкаланып, материалдык чыгымга учураган.

Жүк ташуучу унаа сайдан кечээ, 30-июль күнү атайын техниканын жардамы менен чыгарылды. Ошол учурда Ош—Исфана жолу 1 саатка жабылып, айдоочулар нааразычылыктарын билдиришкен.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол кырсыгы 27-июль күнү саат 15:30 чамасында катталган. Ноокат районунун Бел айылында «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу — Ош шаарынын 1960-жылы туулган тургуну И.А. рулду башкара албай калган. Айдоочу унаада жалгыз болгон, жабыркаган эмес.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×