Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
30.07.2019 21:20 На русском

Нарында 2 унаанын кагышуусунан 2 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жаткырылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 30-июлда эртең менен Нарын–Баетов унаа жолунун 90-чакырымында 2 унаа кагышып, 10 киши оор жаракат алып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жолдо «Ниссан Цефиро» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «Ниссан Цефиродо» бала-чакалары менен 7 адам, «Тойота Ипсумда» 5 адам болгон. Кырсыктан 10 адам катуу жаракат алып, облустук ооруканага жаткырылды. 1 аял киши менен 1 бала окуя катталган жерде каза болгон.

Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×