Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.07.2019 15:29

Сузакта бир жумадай бакта асылып турган жаш жигиттин денеси табылды

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагында 20 жаштагы жигиттин бакка асылган денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Тургундар 29-июль күнү табылган жансыз дене бир аптадай туруп калган деп болжолдоп жатышат.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 29-июль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун айылдарынын бириндеги бактан 1,3 метр жипке асылган адамдын денеси табылганын билдирди.

«Ал Ноокен районунун 20 жаштагы тургуну М.Н. экендиги аныкталды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×