Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 30.07.2019 15:25

Чоң-Алайда жоголгон россиялык альпинист: Издөө иштерине канча киши тартылды?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда Россия Федерациясынын 1974-жылы туулган тургуну И.И.С. 27-июль күнү саат 18:40 чамасында Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу Ленин чокусунан түшүп келе жатып байланышып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

Аны издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 11 куткаруучу тартылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 28-июль күнү Ош шаарынан ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылып, алар түнкү саат 00:10до Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында түнөп калышкан. Куткаруучулар 29-июль күнү эртең менен Ленин чокусуна чыгышып, саат 10:30да альпинисттердин 1-лагерине жетишкен. Ошондой эле издөө иштерине «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясынын 6 куткаруучусу тартылган.

Андан сырткары «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясынын өтүнүчү менен 29-июль күнү саат 10:47де «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учагы Алай районунун Гүлчө айылынан учуп чыгып, издөө иштерин жүргүзүп, саат 14:25те кайра Гүлчө айылына конгон. Тик учак менен жүргүзүлгөн издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 30-июль күнү саат 07:40та ӨКМден кошумча дагы 5 куткаруучу тартылып, алар Ош шаарынан Чоң-Алай районуна жөнөп кетишкен. Издөө иштерине жалпы 11 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары «Азия тоолору» («Горы Азии») туристтик фирмасынын суранычынын негизинде «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясынын 6 альпинисти издөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×