Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.07.2019 12:16 На русском

«Алдынан карасаң пионер, аркасынан пенсионер»: Өзгөндө бирдиктүү форма боюнча эки ажырым пикир жаралды

Turmush -  Өзгөн районунун мектептери бирдиктүү формага өтүп жатышат. Бирок ата-энелер бирдиктүү форманын сапаты начар экенин айтышып, анын баасына дагы нааразы. Бул тууралуу ата-энелер аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, ата-энелерге бирдиктүү форманы мажбурлап сатып жатышат.

«Буга чейин чогулуштар өткөрүлүп, бирдиктүү форма боюнча маалымат берилип, ата-энелер макул болгонбуз. Бирок тигилген формалардын сапаты начар болууда. Ким бирдиктүү форма албаса мектепке киргизилбейт, биринчи алгандарга байге бар деп мажбурлап сатып жатышат.

Форманы кийген окуучуну алдынан карасаңар пионер, аркасынан карасаңар форманын эки капталы шалбырап, бүкүрөйгөн пенсионер болуп көрүнөт. Бирдиктүү форманын өңүн белгилеп беришсе, сатып алган акчага экиден форма тиктирип алмакпыз. Баасы кымбат», - деди ата-энелердин бири Медет мырза.

Ал эми Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алишер Бакышев мектептерде бирдиктүү форма жок болсо окуучулардын арасында социалдык теңсиздик пайда болорун, ошондуктан быйыл мектептер бирдиктүү формага өткөрүлүп жатканын билдирди.

«Мен билим берүү бөлүмүнө быйыл эле келдим. 2015-жылы мектеп окуучулары бирдиктүү формага өтсүн деген өкмөттүн токтому чыккан. Ошондуктан жеке фирма менен келишим түзүп, мектеп формаларын тиктирип жатабыз. Аталган фирма райондогу 7 мектепке видеокөзөмөл орнотуп берген. Ошондой эле 126 жарым-жартылай жана томолой жетим балдарга акысыз форма тигип берет. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 1230 балага 30 пайыз арзандатуу менен форма тигип бермей болгон.

Форманын сапаты талапка жооп берет. Буга чейин ата-энелер өздөрү макул болушкан. Башталган ишти сындагандар да болот. Баасы ар бир ата-эненин капчыгына туура келет. Анткени башталгыч класстардын окуучулары үчүн 1 миң 450 сом, жогорку класстын окуучуларына 1 миң 950 сомдон сатылууда. Ыраазы болгон ата-энелер да бар. Окуучулардын арасындагы социалдык теңсиздиктен балдар суицидге барышат. Биз аны алдын алып жатабыз», - деди А.Бакышев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×