Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 29.07.2019 13:10

Өзгөндө электр мамылары 2,2 млн сомго жаңыланууда (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 5 айылда эскилиги жеткен электр мамылары жаңыланууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Эржигит Пасаңов билдирди.

Анын айтымында, учурда электр мамылары 3 айылда алмаштырылды. Мындан сырткары 3 трансформатор орнотулду. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 млн 176 миң 686 сом бөлүнгөн жана жалпы 150 бетон электр мамылары алынган.

Учурда айыл өкмөт боюнча 30 даана жогорку чыңалуудагы жана 115 дана төмөнкү чыңалуудагы электр мамычалары орнотулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×