Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 29.07.2019 16:07 На русском

«Калак менен сабап»: Күйөө баласын айыптап, сиңдисин алып кеткен кайнеже башка жигиттин унаасында кармалып калган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн райондук сотунда өзүнүн жубайын жана кайын эжесин сабаган Өзгөн шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Шабдандын (аты өзгөртүлдү, М.Ш.Б.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Шабдан 3 баланын атасы. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шабдан ушул жылдын 16-мартына караган түнү болжол менен саат 1:00 чамасында үйүнө келип, өзүнүн 1994-жылы туулган жубайы Наргиза (М.к.Н.) жана 1987-жылы туулган кайын эжеси Нурмира (аты өзгөртүлдү, А.Н.М.) менен урушкандыгы аныкталган. Шабдан өз ара пикир келишпестиктен улам аларды уят сөздөр менен сөгүп, жубайын жана кайын эжесин ур-токмокко алып, калак менен баштарына урган. Соттук-медициналык экспертизанын 20-мартындагы корутундусуна ылайык, жубайы денесинен анча оор эмес жаракат алгандыгы аныкталган. Ал эми Нурмира жеңил жаракат алган.

Сот отурумунда айыпталуучу Шабдан күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, жубайын кайын эжеси «жолдошуң башка кыздар менен сүйлөшүп жатат» деп алып кетип калган. Окуя болгон күнү Шабдан кайын эжесин мас абалдагы бейтааныш адамдын унаасында отурганын көрүп, аны жубайына окшоштуруп, аркасынан кууп барган. Бирок унаада кайын эжеси болгонун көрүп, «мени башка кыздар менен жолугуп жатат деп коюп, өзүң башка жигиттер менен жүргөн турбайсыңбы» деп ачуусу келип, кайын эжесин үйүнө алып барган. Ал жерден жаңжал чыгып, жубайын жана кайын эжесине кол көтөргөн. Бирок Шабдан аларды калак менен урбагандыгын жана жабырлануучулар менен жарашып, кылган ишине өкүнүп жаткандыгын айтты. Ал ага козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган.

Ал эми жубайы Наргиза окуя болгон күнү жолдошу аны оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, муунтуп, тепкилеп жана колун сындырганын, ошондой эле анын эжеси Нурмираны сабаганын билдирди. Бирок жолдошу андан кечирим сурагандыктан ага карата эч кандай доосу жок экендигин айтып, Шабданды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранды.

Айыпталуучунун кайын эжеси Нурмира дагы күйөө баласына эч кандай доосу жок экендигин билдирип, макулдашуу тууралуу өз ара келишим түзүшкөнүн айтты. Анын айтымында, окуя болгон күнү ал бир жигиттин унаасында отурганда Шабдан башка балдар менен барган. Аны чөнтөк телефонго видеого тартышкан. Андан кийин күйөө баласы аны үйүнө алып барып, сиңдиси Наргиза экөөнү тең сабаган.

Жыйынтыгында Өзгөн райондук соту эки тарап элдешкенине байланыштуу Шабданды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×