Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.07.2019 10:40 На русском

Токтогул суу сактагычына чөгүп кетти делген жигит үйүнө аман-эсен кайтып келди

Turmush -  Кечээ, 28-июлда Токтогул районунда суу сактагычка чөгүп кетти делген 27 жаштагы жигит аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул суу сактагычына 1992-жылы туулган А.Б. аттуу жигит чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларына ӨКМден 3 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес. Бирок саат 04:00 чамасында изделип жаткан А.Б. аман-эсен үйүнө келген. Учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысы аталган жигит Кара-Көл шаарынын 27 жаштагы тургуну экенин тактады.

ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн маалыматына караганда, 28-июлда аталган жигиттин тааныштары ӨКМге кайрылган. Алар саат 4:00 чамасында А.Б. суу сактагычтан аркы өйүзгө сүзүп өтүү үчүн кеткен боюнча жээкке чыкпагандыгын айтышкан. Бирок ал түндө Токтогул суу сактагычынын аркы өйүзүнөн берки Кетмен-Төбө айылы жайгашкан тараптагы кирпич заводдун жанынан сүзүп чыкканы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×