Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуКемин району 01.08.2019 20:40 На русском

«Жеңеке»: Бир тууган эжесине аяш болгон Т.Токтомушова

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Төлөбүбү Токтомушова бир тууган жездеси менен эжесинин үйүнө барып, жолдошу менен таанышып калган. Ал жолдошунун берген белектеринин ичинен кир жуугуч машинаны жактырат. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мындан 12 жыл мурун кеминдик жигитке турмушка чыккан эжемдин үйүнө конокко баргам. Ошондо жездемдин досу менен таанышып калдым. Ал кийин менин жолдошум болду. Кудайга шүгүр, 4 балабыз бар. Бактылуу үй-бүлөнү түптөп, бирге өмүр сүрүп келе жатабыз. Менин мүнөзүм токтоо болгондуктанбы, айтор жаӊы келгенде ыӊгайсыз же күлкүлүү, кызыктуу окуяларга туш болгон жокмун.

Жолдошум жакшы киши. Ал мага көп эле белек берди. Алардын ичинен кир жууган машинасы абдан жаккан. Балким аялзатына эӊ керектүү оокат болгону үчүн жаккандыр», - деди каарманыбыз.

Төлөбүбү Токтомушова Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында 1979-жылы 3-декабрда төрөлгөн.

«Ат-Башыдагы Жаналиев атындагы орто мектебин аяктаган соӊ, Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун бухгалтердик бөлүмүн бүтүргөм. Бирок, кесибим менен иштеген жокмун. Балдарыма татыктуу тарбия берүүдөмүн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×