Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.07.2019 10:50

Өзгөндө дарыяга түшүп жаткан өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда өспүрүмдөргө жана ата-энелерге сууга түшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлору тарабынан сууга чөгүү фактыларын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр улуулардын көзөмөлүсүз көлмөлөрдө жана дарыяларда сууга түшүп жатып агып кеткен учурлар кездешүүдө. Ошондуктан укук коргоо кызматкерлери тарабынан ата-энелерге эскертүү баракчалары таратылды жана кооптуу делген суунун жээктерине атайын баннерлер илинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×