Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.07.2019 10:30 Жаңыланды: 24.08.2019 15:00 На русском

Айыл турмушу: Кара-суулук Айзада Акбаралиева 1 гектар жерден 1 млн сомго чейин киреше табат

Turmush -  Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 31 жаштагы тургуну Айзада Акбаралиева 10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, жылына 1 млн сомго чейин киреше таап жатат. Аймактык кабарчы аны менен маектешти.

Анын айтымында, ал жер-жемиш, жашылчалардын түрүн өстүрүп, жакшы пайда табат. Унаа жолдун боюндагы 1 гектар талаанын жарымына беде менен жүгөрү эксе, жарымына помидор, бадыраң, сарымсак, ашкабак эккен. Быйыл 30 сотых жерге помидор эгип, алган түшүмүн 20 сомдон сатып жатат. Үй-бүлөсү менен бирге жумасына 3 жолу эртеден кечке чейин 250-400 килограммга чейин помидор терет. Помидордон түшкөн 1 жылдык кирешеси 200 миң сом болсо, ага сарпталган чыгаша 35-40 миң сомду түзөт. Талаасына жер семирткич, помидордун жалбырактарына 1 жумада же 10 күндө 1 жолу куртка каршы дары чачып турат.

«Ар бир иштин түйшүгү бар. Помидордун уруктарын март айынан баштап даярдап, көчөттөрүн күнөсканада өстүрүп алабыз. Анан апрель айынын ортолорунда көчөттөрүн талаага отургузабыз. 30 сотых жерге помидордун 12 миң көчөтү эгилген. Ар бир көчөт 20-25 кг түшүм берет. Быйыл помидордун түшүмү мол. Биринчи терип жыйноо июль айында башталат. Түшүм алуу октябрь айынын башына чейин уланат. Негизи помидор 2-2,5 айда бышып жетилет», - деди Айзада айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×