Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.07.2019 08:39

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер ат салышууда

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер ат салышууда.

Сокулук райондук аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоо 2-августта өткөрүлөт.

Каттоодон өткөн 2 талапкер:

- Чынарбеков Медербек Чынарбекович, 1991-жылы Гавриловка айыл аймагынын Жангарач айылында туулган. Буга чейин ушул айыл өкмөттүн убактылуу башчысы болуп иштеген;

- Эшматов Аскат Токтобекович, 1985-жылы Кайназар айыл аймагынын Белек айылында туулган.

Буга чейин кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасов өз каалоосу менен кызматтан бошогон болчу. Мындан улам Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактысын белгилөө өтүнүчү менен БШКга кат жолдогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×