Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.07.2019 16:03 На русском

Үч классташ бара жаткан унаанын тамтыгы чыгып калган. Кырсыктын сүрөттөрү

Turmush -  Чычкан капчыгайындагы жол транспорт кырсыгынан кийин жеңил унаанын тамтыгы чыгып калган. Turmush басылмасына жол кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөр келип түштү.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жол кырсыкка кабылган унаа «Хонда Фит» үлгүсүндө болгон.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Чычкан суусуна түшүп кеткен классташ жигиттерди издөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдаган.

«2-июль күнү ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнө Чычкан суусунда адамдын денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган 5 кызматкер аны алып чыгышып, милицияга тапшырып беришкен. Суудан денеси табылган жигиттин жанында дагы 2 классташы болгонун айтып, туугандары 4-июлда кайрылышты. Унаа сууга кулаган Ош—Бишкек жолунун 270-чакырымынан бери суу сактагычты көздөй издөө жүрүүдө», - деп билдиришкен мекемеден.

Классташтар Россиядан келгенден кийин унаа сатып алышып, 2-июль күнү Бишкектен Аксы районун көздөй «Хонда Фит» унаасы менен келе жатышкан.

Экинчи жигиттин денеси 6-июлда табылган болчу. Андан бери издөө иштери жүргүзүлүп, үчүнчү жигиттин денесин 23-июлда табышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×