Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.07.2019 19:51 На русском

Ысык-Көлдө айдоочу уктап кетип, жубайлардын 1 жаштагы баласы мерт кетти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 24-июль күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунда батыштан чыгышты карай башкарып бара жатып уктап кеткен жана каршы тилкеде келе жаткан «Фольксваген Пассат» унаасын сүзгөн. «Фольксваген» унаасын Бишкек шаарынын 1980-жылы туулган тургуну К.У. башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген» унаасынын айдоочусу жана анын жубайы — 1982-туулган К.Ж. Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми жубайлардын 1 жаштагы уулу — 2018-жылы туулган У.Ж. окуя болгон жерде каза болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы жол кырсыктан жаш бала каза болгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×