Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.07.2019 13:11 На русском

Россиядан келип, унаа сатып алышкан: Чычканда сууга агып өлгөн 3 классташтын акыркысынын денеси табылды

Turmush -  2-июль күнү Токтогул районунун Чычкан капчыгайында унаа кырсыкка кабылып, сууга агып кеткен 22 жаштагы 3 классташтын үчүнчүсүнүн денеси кечээ, 23-июлда табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгондордун биричиси А.И.нин денеси көп өтпөй табылган. Ал эми Т. уулу М.нын денеси 6-июлда табылган. Кечээ, 23-июль күнү үчүнчү жигиттин денеси унаа кулаган жерден 16 чакырым алыстан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Аны издөө иштерине ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин аксылык 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил унаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишкени кабарланган. Жигиттер Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылында 1997-жылы төрөлгөдүгү такталган. Алардын биринин жансыз денеси сууга калкып чыгып калганын Чычкан суусунда балык кармап жүргөн адамдар көрүшкөн. Ал эми маркумдун туугандары классташтар Москва шаарында иштеп жүрүп, Бишкекке келишкендигин айтышкан. Алар Бишкектен унаа сатып алып, айылына келе жатышкан.

5-июлда классташтардын бирисинин денеси табылган. 6-июлда Т. уулу М.нын денеси табылган болчу. Ошондон бери үчүнчү жигиттин денесин издөө иштери улантылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×