Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 24.07.2019 11:32

Жайлоодогу ажал: Тоодогу көлмөдө 17 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт // Turmush
Иллюстрациялык сүрөт // Turmush

Turmush -  22-июль күнү Алай районунун Сары-Таш айыл аймагынын Кара-Киндик жайлоосунун Талдык-Кара-Суу тилкесиндеги көлмөгө 17 жаштагы бала чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сууга К. уулу М. чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 7 куткаруучу тартылган. Алар өспүрүмдүн денесин 23-июль күнү саат 09:10 чамасында таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×