Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуБаткен району 24.07.2019 11:21

Шашылыш билдирүү: 26-июлдан 29-июлга чейин аба ырайы 40° чейин ысыйт

Turmush -  26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-29-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40° чейин жогорулайт. Мындай ысык аба ырайы учурунда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу сунуш кылынат.

Бүгүн, 24-июлда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×