Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.07.2019 10:36

Коллегиялык жыйын: Ысык-Көлдө үч турист буюмдарын жоготуп, бири зордуктоого кабылган

Turmush -  Ысык-Көл облусуна ушул жылдын 6 айында 43 миң 614 адам эс алууга келди. Бул тууралуу жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда айтылды.

Маалым болгондой, жалпы эс алуучулардын ичинен 6 миң 429 жаран чет өлкөлөрдөн келген.

Ушул жылдын 6 айында чет өлкөлүк жарандар менен байланыштуу 5 кылмыш катталган. Анын ичинен 3 эс алуучу буюмдарын жоготуп алган. Бир эс алуучу сексуалдык мүнөздөгү аракетке кабылып, арыз жазуудан баш тарткан. Аны менен катар бир зордуктоо фактысы катталып, кылмыштын бети ачылган.

Эс алуу мезгилинде кылмыштардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жалпы 924 кызматкер иштөөдө. Эс алуучулар кѳп баруучу алыскы Кѳк-Жайык, Барскоон, Туз-Кѳл, Кырчын жана Каркыра аймактарында убактылуу милиция пункттары ачылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн облус боюнча жалпы 15 пост коюлуп, 72 кызматкер 34 автоунаа менен кызмат өтөөгө тартылган. Андан тышкары, Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн 62 кызматкер 29 кызматтык унаа менен, ИИМдин ЖКККББнан 10 кызматкер 5 автоунаа менен иштеп жатат.

Учурда облустун аймагында ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу 197 мекеме иштейт. 83 эс алуу жайда видеокөзөмөлдөө камералары орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×