Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 24.07.2019 10:37 На русском

«Жайлоодо чыны манты жеп жатсаң сонун да»: Ал кантип жасалат?

Turmush -  Чыны мантыны манты бышырган каскан жок болуп калганда же талаа-түздө, жайлоодо жасоого болот. Чыны манты тууралуу аймактык кабарчыга «Кийиз дүйнө — көчмөн руху» долбоорунун уюштуруучуларынын бири Айдай Асангулова айтып берди.

«Чыны мантынын ичине салынуучу эт, пияз жана башка азыктар кадимки касканга бышырылган мантыныкындай болот. Этти, пиязды майда туурап, ага татымына жараша туз, калемпир жана башка кошулмалар кошулат. Курамына картошка жана башка азыктарды да кошсо болот. Баарын туурап, аралаштырган соӊ аны чай чыныларга салып чыгабыз. Жайылган камырды тегерек кесип, чынылардын үстүнө капкак сыяктуу кылып жабабыз. Андан соӊ ал чыныларды себетке тизебиз.

Казанга суу куюп кайнатабыз да, ага чыны тизилген себетти салабыз. Кудум касканга манты бышыргандай бышырабыз. Камырдын үстүнө көк пиязды майда туурап, себелеп койсок дагы болот», - деди ал.

Буга чейин Айдай Асангулова эжигей тамагынын жасалышын айтып берген.

Эжигей — кыргыз элинде илгертеден бери дасторкондун көркүн ачкан улуттук тамак-аштардын бири.

«Эжигей кыргыздын илгерки тамагынын бири. Азыр бул тамак көп жасалбай, кээ бир жерде унутта калып бара жатат. Негизи Кыргызстанда эжигей тамагын жасоонун түрлүү ыкмасы бар экен. Бирок, жалпы жонунан бирдей эле. Болгону кайнатуу ыкмасында же даярдоо эрежесинде айырмачылыктар бар.

Эжигей тамагын жасоо үчүн койдун сүтү керектелет. Уйдун сүтүн деле кошуп жасап жүргөндөр бар. Бирок, коюу сүт керек. Туз, кумшекер аттуулар кошулбайт. Негизи ата-бабаларыбыз бул тамакты жазында, козулар чоӊоюп, торолуп калганда жасашчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×