Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.07.2019 09:59 На русском

Соң-Көлдө фестивалдан кийин тазалык акциясы уюштурулду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда 19-20-июль күндөрү өткөн фестивалдан кийин талаадагы таштанды ак-талаалык жаштар тарабынан тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Санат Сапарбековдун айтымында, бул жайлоодо мындай тазалык акциясы экинчи ирет өтүп жатат.

«Бул жерде жалпы 33 ыктыярчы бар. Алардын айрымдары атайын Бишкек шаарынан келишкен. 19-июль күнү таң эрте келдик. Фестиваль учурунда дагы тазалоо иштерин жүргүзүп жатышты. Бирок эл көп болгондуктан таштанды көп ыргытылып жатты. Той аяктагандан кийин бир күн калып, «Тазалык» акциясын жүргүздүк. Бул жактан чогулган таштандыларды унаа менен алып кетишет.

Ал эми ыктыярчыларга тамак-аш, жатакана берилди. Андан сырткары таштанды тазалоого мүшөктөр, кол каптар алынган. Буга чейин, тагыраагы 1 ай мурун дагы жаштар бул жайлоодо тазалык акциясын өткөргөнбүз», - деди ал.

Эки күнгө созулган «Акмөөр» фестивалына 2 миңден ашык адам күбө болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×