Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.07.2019 15:57

Ысык-Көлдө Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 23-июлда Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уюмдун регламентине ылайык, 2019-жылы төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун иши достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо позитивдүү ролду ойнойт. Ошондой эле кызматташтыкка жана ага мүчө өлкөлөрдүн географиялык чегинде өнүгүүгө көмөк көрсөтөт.

Иш-чарада мүчө мамлекеттердин делегациялары уюмдун географиялык чегинде 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы текшерүү ишинин жыйынтыгын карап чыгышат.

Биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) «1996-жылдын 26-апрелиндеги чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө» жана «1997-жылдын 24-апрелиндеги чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу» тууралуу макулдашууларга ылайык Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Россиянын жана Кытайдын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн. Ушул жылы 20 жылдыгын белгилейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×