Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуБаткен району 23.07.2019 15:52 На русском

Чек арадагы чыр: Министр эл менен жолуккан учурда ок атылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 23-июлда саат 14:15 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында тажик тараптан 2-3 жолу ок атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, октор КРнын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев жана облус башчысы Акрам Мадумаровдун эл менен жолугушуусу учурунда атылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бир ок чек ара кызматкеринин бутуна тийди.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, облус жетекчиси, Чек ара кызматынын башчысы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тараптан ок атылды. Анын кесепетинен кыргыз чек арачыларынын бири жаракат алды.

Чек арачылар аталган тилкеде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Исфара–Ворух жолундагы кыймыл токтотулуп, тажик тарап Исфана–Баткен жолун жапты. Эки тараптын чек арачыларынын жетекчилеринин жолугушуусу бүгүн, 23-июлга пландалууда.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 22-июлда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Ак-Сай–Ворух жолундагы Төрт-Көчө тилкесине тажик тарап өлкө президенти келет деп даярдык көрүп жатышкан. Саат 17:20 чамасында тажик тарап шарттуу чек арадан 1 метр аралыкта желек орнотушкан. Кыргыз тарап нааразычылыгын билдиргенде тажик жарандары желекти 2 метрге өздөрү тарапка жылдырышкан.

Кыргыз тарап Эски-Тумба тилкесине (Дача аймагындагы) эски Ак-Сай деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан. Бул окуялардан кийин саат 17:50 чамасында эки тарап уруша кетип, бири-бирине таш ыргытып башташкан.

Жаңжалга болжол менен кыргыз тараптан 40ка жакын киши, тажик тараптан 50гө жакын адам катышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган окуядан кийин Баткен облустук ооруканасына 8 адам жеткирилди. Алардын ичинен үчөө айылдыктар болсо, калганы милициянын, чек ара кызматынын өкүлдөрү.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чыр-чатак учурунда курал колдонулган. Жаңжал саат 17:20 чамасында башталган. Ак-Сайдын тургундары Тажикстандын Ворух айылынын тургундарынын айылдын кире беришине желек орнотушуна каршы болушкан. Анын айынан чыр чыккан. Анын жүрүшүндө чатактын катышуучуларынын бири курал колдонгон. Ок аңчылык куралдан жөнөкөй адамдар тарабынан атылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5 адам жаракат алган. Исфара–Ворух унаа жолу жабылган. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын чек арачылары менен биргеликте абалды жөнгө салууга аракет көрүшкөн.

Андан кийин кечинде Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам Баткен шаарына жеткирилип жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, 5 кичи автобус менен адамдар алынып келген. Дагы 7-8 кичи автобус адамдарды ташып келери айтылып жаткан. Ак-сайлыктарды №57 лицейдин имаратына жайгаштырып жатышкан.

23-июлда эртең менен Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 300дөн ашык адам көчүрүлүп келгени айтылган. Алар түнү менен № 57 лицейге, №3 мектепке жана В.Ленин орто мектебине жайгаштырылган. Тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлгөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, ок атышуулар токтогон. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышкан. Исфара–Ворух унаа жолундагы кыймылдар токтотулган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар кандай окуяларды алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатышкан.

Ал эми Баткен ОИИБ Ак-Сайда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышкандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр кечээ 17:30 чамасында башталган. Тажикстандыктар Ворух айылынын чек арага жакын жайгашкан жерине (мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын орду) Тажикстандын 6 даана желегин атайын темирге орнотуп коюшкан. Буга байланыштуу кыргыз тарап мурда алынып салынган Ак-Сай деген жазууну кайрадан орнотуу максатында чогулушкан. Ал жерден эки тараптын ортосунда пикир келишпестик чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Жагдайды жөнгө салуу максатында Баткен ОИИБдин жетекчиси Аскарбек Аширалиевдин буйругунун негизинде өздүк курам Ак-Сай айылына келишкен. Саат 19:30 чамасында чек арадагы чыр-чатак курчуп, эки тараптан ок атышуу болуп, жабыркаган адамдар Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана чек арачылар да бар. Бул факт түзүмдө катталып, тергөө иштери башталган.

23-июлда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арадан чыккан чырдан жабыркагандардан кабар алган.

Маалым болгондой, алар Баткен биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө жана хирургия бөлүмүндө жаткан адамдардын ден соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтышты. Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда таш тийип, ошондой эле ок тийип жаракат алган милиция кызматкерлери да бар.

Бүгүн саат 13:25 чамасында Тажикстандык укук коргоо органдары тарабынан Баткен—Самаркандек—Лейлек жолу жабылгандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, учурда аталган жолдо каттам токтоп турат. Жол саат 13:25 чамасында жабылган. Бул тилке тактала элек аймактардын катарына кирет. Жолдун жабылышынын себеби белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×