Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.07.2019 14:33 На русском

Классташтардын махабаты: Б.Алмамбетов депутат жубайына учак менен анар алып келчү

Turmush -  Жубайлар рубрикасынын бул жолку каармандары — Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургундары Бейшенаалы Алмамбетов менен Айша Карымшакова.

Классташтар Бейшенаалы Алмамбетов менен Айша Карымшакова 1976-жылы март айында баш кошушкан. Алардын учурда 2 кыз, 1 уулу, 6 небереси бар.

Бейшенаалы Алмамбетов 1953-жылы 22-июлда Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында туулган. Ошол эле айылдагы Ой-Терскен орто мектебинин 8-классын аяктап, Бишкек шаарындагы каржы-экономикалык техникумуна барган. Аны 1972-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун Ат-Башы райондук каржы бөлүмүндө баштап, бул жерде жалпы 18 жыл кызмат кылган. Айыл чарбада жана айыл өкмөттө 7 жыл бухгалтер болуп, убагында элге сиңирген эмгектери үчүн бир катар сыйлыктарды алды. Азыр ардактуу эс алууда. Үйдө мал чарбачылык менен алек.

«Райондук каржы бөлүмүндө иштеп жүргөндө аскерге чакырылдым. Ал жакта 2 жыл кызмат кылдым. Биринчи Казакстанга барып, 3 айдан кийин Кыргызстанга келдик. Ысык-Көл облусундагы бир санаторийди курганбыз. Аскерден келип эле мурунку жумушума барып, инспектор, андан кийин башкы бухгалтер болуп эмгектендим.

Байбичем экөөбүз бир мектепте чогуу окуганбыз. Мен «а» класста, ал «б» класста болчу. Мен 8-классты аяктагандан кийин окуу жайга кеттим. Байбичем ушул эле мектептен 10-классты бүттү. Андан комсомолдук жолдомо менен кыз чабан болуп, совхоздо эмгектенип калды. Мен аскерден келгенден кийин экөөбүз 6 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

Айша жаш кезинде атак-даңкы чыккан кыз болчу. Ал кезде «Комсомольская правда» деген гезит бар болчу. Ошол гезитке Айша сүрөтү менен чыгыптыр. Аскердеги балдар ошол гезиттеги макаланы жанталашып окуп жатышыптыр. Барып карасам, баягы менин кара, тоголок классташым — Айша экен. Окусам мектепти бүтүп, улук чабан болуп айылда эмгектенип, Скрябин атындагы айыл чарба институтун сырттан окуп жатыптыр. Айылга барганда жолугуп, сүйлөшүп калдык. Ал мага «мен сени күтүп жүрбөймүнбү» деп тамашалап калды. Ошентип 1976-жылы март айында үйлөндүк», - деди ал.

Айша Карымшакова 1953-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында туулган. Ал мектепти аяктагандан кийин эле айылда чабан болгон. Убагында уй ферманы жетектеп, зоотехник болуп эмгектенген. Ак кызматы үчүн медаль менен сыйланып, Жогорку Кеңештин грамотасын алган.

«Мектепти бүтүп, комсомолдук жолдомо менен чабан болуп айылда калдым. Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүрдүм. Уй фермасын жетектеп, зоотехник болуп иштедим. Уй ферманы жетектеп турганда, 1984-жылы облустук өтмө Кызыл Тууну жеңип алганбыз. Айылдык кеңештин депутаттыгына 4 жолу шайландым.

Жолдошум экөөбүз классташ болчубуз. Мектепти бүткөндөн кийин классташ кызым экөөбүз кетип бара жатып Бейшенаалыга жолугуп калдым. Ал жаңы эле аскерден келиптир. Ошондо экөөбүз жакшы сүйлөшүп алдык.

1979-жылы 6 айлык боюмда бар болчу. Анарга талгак болдум. Советтер союзу убагында Нарында анар сатчу эмес. Ал кезде Нарындан Фрунзеге учак каттачу. Жолдошум учак менен барып, анар алып келип берчү. Кийин балам кашы капкара, келбеттүү болуп төрөлгөн.

Жубайлар ортосунда жакшы мамиле болушу керек. Жаш өткөн сайын бири-бириңди издеп, «каяктасың?» деп калат экенсиң. Жаш кезде иштеп жүрүп көп билинбейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×