Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.07.2019 13:17

Ысык-Көлдө казак жарандын жоголуп кеткен 3 жаштагы баласы табылды

Бостери
Бостери

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылында жоголуп кеткен 3 жаштагы бала табылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Бостери айылында жайгашкан пансионаттардын биринде 2016-жылы туулган А.Б. аттуу жаш бала (Казак Республикасынын жараны) жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде издөө иштерин жүргүзүүгө ИИМдин кызматкерлери жана ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, баланы саат 18:40 чамасында Бостери айылынан аман-эсен табышты. Аны туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×