Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 23.07.2019 12:51 На русском

Видео — Оштогу көпүрөнүн астынан адамдын денеси табылды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрөнүн астында мас абалдагы эркек киши каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөрдүн бири Топчубек Болотбек уулу билдирди.

Окуя кечээ, 22-июлда болгон. Топчубек Болотбек уулунун айтымында, көпүрөнүн астында соода кылган соодагерлер жана таксисттер мас абалда жаткан адамга жардам беришкен эмес. Себеби каза болгон адам көптөн бери көпүрөнүн астына мас болуп келип, кыйкырып, ал жердегилердин тынчын алып жүргөн.

«Кечээ саат 17:00 чамасында каза болгон адам бул жерге мас абалда келип, кыйкырып, биздин тынчыбызды алган. Кийин ал көрүнбөй калды. Көрсө алыс эмес жерге барып, уктап калган экен. 1 саат убакыт өткөндөн кийин ал жердеги таксисттер үстүнө кагаз куту (коробка) жаап коюшуптур. Кечки саат 20:30 чамасында милиция кызматкерлери топтолуп, тез жардам чакыртышты. Тез жардамдын унаасы 1 сааттан кийин келип, бирок жерде жаткан кишини алып кетишкен эмес. Көрсө маркум тез жардам келгенге чейин эле каза болуп калыптыр. Андан кийин милиция кызматкерлери маркумду чиркегичи бар унаага салып кетишти», - деди Топчубек.

Ош шаардык ооруканасынын тез жардам кызматынын маалыматына караганда, көпүрөнүн астында каза болгон адам тууралуу маалымат кечки саат 20:29да түшкөн жана тез жардам кызматынын унаасы окуя болгон жерге саат 20:31де чыгып кеткен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери денеге жарым саат кароо жүргүзүшүп, биологиялык өлүм болгонун айтышкан.

«Эч кандай кечигүү болгон эмес. Учурда шаарда тыгын көп болгондуктан тез жардам кызматынын унаалары кармалып жатат», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×