Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 24.07.2019 09:58

Айыл турмушу: Таластык Р.Чолпонбаев 7 атасынын жолун жолдоп, зергер уста болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 41 жаштагы тургуну Рустам Чолпонбаев ата-бабаларынын жолун жолдоп, зергерчилик менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, зергерчилик боюнча атайын билим алган.

«1997-жылы С.Чокморов атындагы окуу жайды бүттүм. Шакек, сөйкө, чынжырча жана башка азем буюмдарды жасоо жагын аяктагам. Окуу жайды бүтүп келгенде көп деле иштеген жокмун. Кийинчерээк атайын жабдыктарды алып иштей баштадым. Көбүнчө Бишкекте иштеп жүрдүм. Бул өнөр 7 атамдан бери келе жатат. Баары зергер устачылык менен элге таанымал болушкан экен. Атадан балага өткөн устачылык десем болот. Азырынча балдарымдын буюм жасоого жөндөмүн байкай элекмин. Бирок сүрөттүн бардык түрүн жакшы тартышат. Мен дагы сүрөт тартам.

Азем буюмдарды күмүш, алтындан жасайм. Кардардын каалоосу боюнча калыпка куюп, оюм түшүрүп даярдап берем. Такай иштесем буйрутмалар келип жатат. Ортодо токтоп дагы калат. Бирок элдин суроо-талабы болуп, жок дегенде бир шакекти кармап иштөөгө туура келет. Буйрутма бергендерге каталог жөнөтүп жиберем. Ал тандап айтат. Мен ошол боюнча жасап берем. Кээ бирлер эски зер буюмдарын алып келет. Аны ээритип, кайрадан жасап чыгам. Айрымдары «бардык материал өзүңдөн чыксын» дешет. Анда буюм бир аз кымбат болот. Материалдарын Бишкектен, Таластан алып келем. Ар бир азем буюм граммына жараша бааланат. Граммы 80 сомдон, темир менден чыкса 100 сомдон болот. Салмагы боюнча эң чоң шакекти эркек кишилер үчүн 3000 сомго жасагам. Граммы боюнча эң оор алтын шакекти апам үчүн жасап, аны 8-март майрамында белек кылгам.

Үйрөнөм деп балдар келишет. 2-3 бала такай келип үйрөнүштү. Бул кесип айыл жергесинде керек деп ойлойм. Жаңысын жасаткандан мурун эскилерин оңдотууга муктаж болушат. Алыскы Бишкекке барып убара болушпай, биздей зергерлерге жасатышмак.

Кардарлар Таластын бардык аймактарынан келишет. Оюм түшүрүүдө табит, идея мыкты болуп, сүрөт тартканды билиш керек. Майда жумуштардын бири. Бүт кызыгуум менен кирип кетип, кыйынчылыгы сезилбей калат. Бул өчпөс эмгектерди жаратууда эс алам.

Бир күнү бир келин келин келди. Ал коңшусунун сөйкөсүн ижарага алып, тойго тагынып барган экен. Ал жактан сөйкөнүн бирөөсүн жоготуп алыптыр. Мага экинчисин окшоштуруп жасатып алып, сүйүнүп кеткен. Ошого окшогондор көп кайрылышат. Бүгүнкү күнгө чейин канча миңдеген зер буюмдарды жасадым. Кээде килограммдап жасаган күндөрүм болгон. Казакстандан буйрутма болуп иштеп калгам.

Эмгектеримди эл баалап, тагынып жүргөнүн көрсөм сүйүнүп калам. 3-4 саатта 1 шакек жасап коём. Бир берилип кетсем чыкпай иштейм. Күнүмдү бир шакек үчүн кетирбейм. Чогултуп туруп бир нечесин жасап же оңдоп коем», - деди ал.

Зергер уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×