Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.07.2019 16:00 На русском

«Жантай соолуп калган чал эмес...токтот»: Сулуулар сынагындагы нааразычылык. Видео

Turmush -  Соң-Көл жайлоосунда «Акмөөр» фестивалынын алкагында «Акмөөр — Соң-Көл периси-2019» сулуулар сынагы болуп өттү. Анын жыйынтыгында 16 жаштагы ак-талаалык Айтурган Аскарова баш байгеге коюлган унааны жеңип алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жеңүүчү Айтурган Аскарова 2003-жылы 26-июнда туулган.

Ал эми 2-орунду Ош облусунун Алай районунан келген 18 жаштагы Назикай Тимурова алса, 3-орунду Нарын облусунун Кочкор районунан келген 17 жаштагы Актилек Айбек кызы ээледи. Бирок сынактын катышуучулары жана көрүүчүлөрү сынак калыс өтпөгөнүн жана сынактын жобосу чала иштелгенин айтып нааразы болушту.

«Жободо кыздардын жаш курагы 17 жаштан 25 жашка чейин, боюнун узундугу 1,65-1,70 см болушу керек деп жазылган. Бирок булар эске алынган жок. Мындан тышкары калыстар тобунда Ак-Талаа районунан чыккан атуулдар отурушту.

Жободо фонограмма колдонбош керек деп жазылган эмес. Мындан тышкары монолог айтуу деген тапшырма бар эле. Бирок спектакль койгондорду колдошту. Баш байгени өз жердешине берүү — бул башынан эле сүйлөшүлгөн иш экен. Биз убара болуп келиптирбиз», - деди катышуучулар.

Көрүүчүлөр сынактын катышуучулары бир эле монологду кайталап айтышканын баса белгилешти.

«Этно мода (саркеч кийимдер менен мода көрсөтүүсү) деп белгиленип турса, шайланган калыстар тобу катышуучуларды «сахнадан фонограмма менен чыкпагыла» деп сахнадан кубалап түшүрүп жатышты. Мындан тышкары жаңы тарых жана эски тарых деп башты айландырышты. «Хан Жантай 80 жаштагы соолуган чал эмес. Акмөөр энебиз өз эрки менен эле тийген. Акмөөрдү токолдукка алган эмес жана Соң-Көлдүн башы тал эмес» деп эскертип жатышты», - деди көрүүчүлөр.

Монолог:

Соң-Көлдүн башы сал менен,
Соодагер өтөт мал менен,
Солкулдап гана ыйлап баратам,
Соолуган Жантай чал менен.

Калыстар тобу:

- Ак-Талаанын кызы, продюсер Дана Абдыбекова;

- КРдин эл артисти Назира Мамбетова;

- Ак-Талаанын кызы, журналист Ширин Жумагулова;

- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенжегүл Карагулова;

- Ош шаардык кеңешинин депутаты Гүлсана Эсенбаева (жободо жок);

- Аялдар конгрессинен Кундуз Малтаева келбей, анын ордуна маданият тармагынын өкүлү Ажар Райымкулова мүчө болуп катышып калган.

Сынактын катышуучулары:

1. Айгерим Иляева 21 жашта, Ысык-Көл облусунун Тоң району;

2. Айсулуу Бахапова 22 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа району;

3. Назикай Тимурова 18 жашта, Ош облусунун Алай району;

4. Айтурган Аскарова 16 жашта, Нарын облусунун Ак-Талаа району;

5. Айзирек Таалайбек кызы 21 жашта, Ош облусунун Ош шаары;

6. Айгерим Асыгалиева 17 жашта, Нарын облусунун Ат-Башы району;

7. Айжаркын Бактыбек кызы 17 жашта, Талас облусунун Талас шаары;

8. Каухар Жылдызбек кызы 18 жашта, Нарын облусунун Жумгал району;

9. Актилек Айбек кызы 17 жашта, Нарын облусунун Кочкор району.

Сынактын жобосу:

«Акмөөр Соң-Көл периси-2019» кароо-сынагына ай чырайлуу, акылкөй, аялзатына тиешелүү болгон каада-салт, үрп-адатты билген, жаш курагы 17 жаштан 25 жашка чейинки, бою 1,65-1,70 см болгон кыздар катыша алат.

Тапшырма:

Саламдашуу, мүмкүнчүлүгүнө жараша комуз менен же ооз эки түрдө өзүн тааныштыруу, ошону менен бирге кол өнөрчүлүгүн көрсөтүү; Келишимдүү келбети, көркөмдүү басыгы менен Акмөөрдүн монологун сахнада көрсөтүү; Өз өнөрүн көрсөтүү; Калыстар берген суроого жооп берүү.

Уюштуруучу жана калыстар тобунун мүчөсү Дана Абдыбекова: «Жобо чынында «каша» болуп калды. Райондук администрациясы мен берген маалыматтар боюнча жобону даярдашты. Айла жок байгени бердик. Саясатташтырып, чоңдордон да кабар келди. Кара-Кулжанын сулуусуна берели дешти.

Өзүңөр көрдүңөр, упай көтөрүлүп берилди. Талантка баа берилди. Бул ишти негизи райондук администрация, облустук өкүлчүлүк жасаш керек болчу. Акмөөрдүн эски тарыхы менен жаңы тарыхы деген боюнча айтсам, талапкерлер монологду айтып баштаганда токтотуп жаттык. Ал кыздар чыныгы тарыхты билип алышты.

Жалпысынан фестивалды өткөрүүгө мамлекеттен бир сом бөлүнгөн жок. Болгону Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 100 миң сом берди. Ага музыкалык аппаратура алып барып койдук. Ак-талаалык бир ишкер бар экен. Ага жалдырап жатып 2 унааны спорттук иш-чаранын баш байгесине койдук. Эл өкүлүнөн 1 унаа алдык. Ал сулуулар сынагынын байгесине коюлду. Ага чейин ак-талаалык таланттарды чогултуп, Бишкекте концерт койгонбуз. Андан түшкөн каражатты фестивалга жумшадык. Биз жоктон бар кылдык. Бүткөн ишке сын көп айтылат», - деди Абдыбекова.

Эл артисти, калыстар тобунун мүчөсү Назира Мамбетова фестиваль жакшы өткөнүн, мындай майда-чүйдө каталарга көңүл бурбоо керектигин айтты.

«Кандай болгон күндө деле фестиваль өз нугунда өттү. Мен суроо бергим келет, эмне үчүн кыргыздар жакшылыкты көрө албайбыз? Кара-Кулжадан келген бир эле кыз бар экен. Ошол кыйынсынып жатты. Калгандары жакшы деген ойдо болушту. Бул биринчи жолу болуп жатыптыр. Эми экинчи ирет өтө турган болсо ката кетирбегенге аракет кылат.

Ушу заманда мамлекеттен эч кандай колдоо болбогондон кийин, мындай маданий иш-чараларды колдоп-коштоп коюбуз керек. Мындай майда-чүйдө каталарга көңүл бурбай эле койгон жакшы. Пейилибизди кең койсок болот да. Пейилдин жаманынан башка өлкөлөрдөн артта калып келебиз. Эмне үчүн бири-бирибизди колдобойбуз? Анча-мынча нерселерге көз жумуп өткөрүп коюш керек. Сөзсүз нааразы болуп, сөзсүз чукулап турушубуз керекпи?», - деди ал.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенжегүл Карагулова жобо чала иштелгенин мойнуна алды.

«Жободо негизи 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар катыша алат деп турган. Ал жагы бизден кетти. Ак-Талаанын кызы 16 жашта. Бирок ал үч күндөн кийин 17 жашка толмок. Бул кыз райондук деңгээлде өткөн сынакты жеңген. Ак-Талаанын атынан чыкты, биз бул кыздын эмгегин бааладык. Негизи биздин райондон эки кыз чыгармакпыз. Бирок жободо ар бир райондон бир эле кыз чыксын дегенбиз.

Жободо жазылган калыстар тобунун мүчөлөрүнүн көбү келбей, бөлөктөр кошулду. Бул жеңишке жеткен кызды мектеп директору даярдаптыр. Ал эми Акмөөрдүн эски тарыхы менен жаңы тарыхы боюнча түшүнбөстүк болуп кетти. Ал жактан бизден да ката кетти, аны моюнга алуубуз керек. Себеби кыздар чыгып монолог айтып баштаганда эле «токтот» деп токтоткону туура эмес болду», - деди ал.

Калыстар тобунун мүчөсү, журналист Ширин Жумагулова калыстар тобунун ар бир мүчөсү калыс баасын койгондугун белгиледи.

«Бул сынак жалпысынан жакшы өттү. Кемчилиги да, жакшы жагы да болду. Эми утулгандар начар өттү дешет, уткандар жакшы өттү деп баалашат. Калыстар тобунун мүчөлөрү бири-бирибизди чынында тааныбайт экенбиз. Ар кими өзүнүн баасын берди. Сулуулардын таланттарына, сулуулугуна баа берилди. Жыйынтыгында 133 упай менен Ак-Талаанын кызы чыгып кетти.

Туура, өзүмдөн кеткен катаны моюнга алам. Мурда эски тарых, жаңы тарых деп айтылган экен деп ойлогом. Көрсө катышкандар эски вариант менен даярданып келишиптир. Баары жамааттык чечим болду. Жашы боюнча жободо 17 жаштан баштап катыша алат деп жазышыптыр. Бирок биз 14 жаштан 25 жашка чейин деп укканбыз. Алып баруучулар деле 14 жаштан жогору курактагы кыздар деп айтып жатышты. Ар бир калыс өзүнүн калыс баасын коюшту. Бул жерде калыстар тобу таза иштеди», - деди ал.

19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда «Акмөөр» фестивалы өткөн. Аны Ак-Талаа райондук мамадминистрациясы, Кыргызстан аялдар конгресси жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурду.

Фестивалда:

- «Улуу кыргыз көчү» көргөзмөсү;

- «Акмөөр — Соң-Көл периси» сулуулук сынагы;

- «Кыз-жигит» сармерден оюну;

- Этно мода көргөзмөсү;

- Кол өнөрчүлүк;

- Этно базар;

- Улуттук спорт оюндары уюштурулду.

Фестиваль гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Фестивалга Маданият маалымат жана туризм министрлиги 100 миң сом, демөөрчүлөр спорт оюндарынын баш байгесине 2 «Жигули», сулуулар сынагына 1 жеңил унаа коюшту. Ал эми жергиликтүү бийлик сый тамак, меймандарды тейлөө жагын колго алышты. Ошондой эле кызыктыруучу белектерди алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×