Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 23.07.2019 11:14

Ысык-Көлдө согуштун ардагери Тенти Тамашаев акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында 99 жашында көз жумган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тенти Тамашаев 22-июлда акыркы сапарга узатылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ардагер менен коштошуу митингин Түп районунун акими Э.Жантаев ачып, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү А.Осмоналиев, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Жээнбаев, коомдук бирикмелердин жетекчилери, чогуу иштешкендер анын байсалдуу жолун эскеришти.

Түп райондук аскер комиссары Э.Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тенти Тамашаевди жоокерче узатуу, асманга ок атуу иштерин аткарды. Тенти Тамашаевдин сөөгү өзү өскөн Түп районунун Талды-Суу айылына коюлду.

Тенти атаны акыркы сапарга узатууга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Сабыр Жайылканов менен Кадырбай Абдыкалыков да катышып, топурак салышты.

Тенти Тамашаев Улуу Ата Мекендик согуш убагында эки жолу согушка барып, биринчисинде 1942-жылы ноябрь айында жарадар болгон. 6 ай госпиталда дарыланып, 6 ай айылы Талды-Сууда балдак менен жүрүп, балдарды окутуу менен алектенген. 1944-жылы экинчи жолу фронтко аттанып, Берлинди алганда 3 күн Рейхстагда түнөп, жеңиштин туусун саюу аземинин күбөсү болгон. Эмгегинин арты менен И.Сталин менен Г.Жуковдун ыраазычылык каттарын алып, аман-эсен кайтып келген. Ошондой эле Уулу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада уюшулган тарыхый парадга катышып, В.Путинден сый көрүп кайткан.

Тенти Тамашаевдин өмүр жолундагы урунттуу учурлар:

- 1937-жылы Караколдогу педагогикалык окуу жайга кирип, 1938-жылы аяктагандан кийин Долон айылындагы мектепте мугалим болгон;

- 1941-жылдын 6-декабрында фронтко аттанган;

- 1942-жылдын ноябрь айында Сталинград согушунда жарадар болуп, 6 ай госпиталда жаткан. 1944-жылдын жазына чейин жаракатынан айыкканча мугалим болуп иштеген;

- 1944-жылы экинчи ирет фронтко кетип, 153-аткычтар дивизиясында согушка кирип, ротанын парторлугуна чейин жеткен. Ал Варшаваны бошотууга катышкан;

- 1945-жылдын 3-майында роталаштары Рейхстагдын чокусуна туу сайганына жана өзү ротасы менен коштоп жүргөн майор Анна Никулинанын канцелярияга туу сайганына күбө болгон. Ошол күнү Советтер Союзунун маршалы Г.Жуковдун Жеңиш менен куттуктаганын өзүнөн угуп, колунан ыраазычылык кат алган.

- 1945-жылы күзүндө фронттон кайтып, райкомпартияда инструктор кызматына орношкон;

- 1946-жылы партиялык мектепти аяктап келгенден кийин Ысык-Көл облустук компартиясында инструктор болуп эмгектенген. Фронтто партиялык такшалуудан өткөнүнүн пайдасы тийип, камчы салдырбай иштеген;

- 1952-жылы Пржевальск шаардык комитетинде партиялык уюмдун катчысы болуп эмгектенип жатып, биринчи катчы кызматына көтөрүлөрдө эл душманынын кызына үйлөндү деп жогорку партиялык уюмга арыз түшкөн. Тенти ата өмүрлүк жолдошу Сакып энени кызматынан жогору коюп, кызматтан баш тарткан. Жубайлар 4 уул, 2 кыздуу болушкан;

- 1959-жылдан тартып 10 жыл Түп райондук «Коммунисттик эмгек» гезитинде жооптуу кызматтарда иштеп, андан кийин жердештери ардактуу эс алууга чыкканга чейин башкарма, партиялык уюмдун катчысы кылып шайлап алышкан;

- 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада өткөрүлгөн тарыхый парадга катышып, Россиянын президенти В.Путиндин кабыл алуусунда болгон. Ал 94 жаштагы Тенти Тамашаевдин ден соолугуна таң берген;

- 2018-жылы 9-майда «Түп районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×