Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуАк-Талаа району 23.07.2019 10:03 На русском

Көк бөрүгө түшкөн Көйкашка менен Доллар: Соң-Көлдөгү оюнда унааны кайсы команда жеңди?

Turmush -  Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда өткөн «Акмөөр» фестивалында ат оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Көк бөрүгө аймактардан келген 6 команда катышты. Жыйынтыгында «Соң-Көл-2» командасы 3-орунга татыктуу болсо, «Эмгек-Талаа» командасы 2-орунду, «Соң-Көл» командасы 1-орунду камсыз кылышты.

Финалдык оюндун жүрүшүндө «Соң-Көл-1» командасынын Көйкашка аттуу күлүгү менен «Эмгек-Талаа» командасынын Доллар деген күлүгү көрүүчүлөрдүн назарын буруп, бири-бирин жөөлөшүп, оюнчуларга улакты жерден алдырбай жатышты. «Соң-Көл-1» командасынын оюнчуларынын айтымында, Көйкашка көптөн бери көк бөрүгө түшүп келе жаткан эң мыкты күлүктөрдүн бири.

Бул оюндун баш байгесине демөөрчүлөр тарабынан автоунаа коюлса, кызыктуу оюн көрсөткөндөргө тай, мамалак, ирик жана 100 доллар коюлган.

- 1-орунду алган «Соң-Көл-1» командасы унаа;
- 2-орунду ээлеген «Эмгек-Талаа» командасы 15 миң сом;
- 3-орунга татыган «Соң-Көл-2» командасы 10 миң сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×