Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 23.07.2019 09:40 На русском

Ошто өспүрүмдөргө кесип тандоо боюнча кеңеш беришти

Turmush -  Ош шаарындагы «Жеткинчек» балдар лагеринде 14-15 жаштагы балдар үчүн кесипке багыт берүү боюнча 2 күндүк иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» программасынын алкагында мектеп окуучуларына кеңеш берүү боюнча атайын окутуудан өтүшүп, кесиптик багыт берүүнүн ыкмаларын үйрөнүшкөн. Ал ыкмаларды колдонуу менен 19-20-июлда балдарга 2 күндүк кесипке багыт берүү боюнча иш-чара уюштурулган. Анын алкагында балдар оюндар аркылуу өздөрүнүн жашыруун жөндөмдөрүн, таланттарын таанып, өздөрүнүн күчтүү тараптары менен тааныша алышкан.

«Балдардын ачыкка чыккан шык-жөндөмдөрү алардын келечекте өздөрүнүн кесибин туура тандоосуна көмөкчү болот», - деп айтылат Ош шаардык эмгек жана өнүгүү башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×