Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 23.07.2019 09:28

Нарын районунда браконьерлер менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Нарын районунда браконьерлер менен күрөшкөн бир катар кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарды коргоо департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сагыналы Богачиев билдирди.

Өткөн алты ай ичинде Нарын районунда браконьерлик жол менен 8 баш тоо теке аткандар кармалып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Январь айында Кара-Кужур өрөөнүнөн атайын рейдде шектүүлөр кармалган. Тургундар 6 баш тоо текени атып келе жатышкан. Аларга 600 миң сом айып пул салынып, иши сотко өткөрүлгөн. Июль айынын башында ушул эле райондун тургундары 2 баш тоо текени атып келе жатканда кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жакында Нарын районунун акими Семетей Черикбаев аталган өкүлчүлүктүн кызматкерлерин кабыл алып, жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкты жоюуга жана кылмыштын бетин ачууга салым кошушкан бир катар кызматкерлерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×