Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 23.07.2019 09:09

Чек арадагы чыр: Ак-Сайдан көчүрүлүп келген адамдар түнү менен мектептерге жайгаштырылды

Turmush -  Кечээ, 22-июлдан 23-июлга караган түнү Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 300дөн ашык адам көчүрүлүп келди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар түнү менен № 57 лицейге, №3 мектепке жана В.Ленин орто мектебине жайгаштырылды. Алардын ден соолугу жана коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатат. Тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлдү.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 22-июлда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Ак-Сай–Ворух жолундагы Төрт-Көчө тилкесине тажик тарап өлкө президенти келет деп даярдык көрүп жатышкан. Саат 17:20 чамасында тажик тарап шарттуу чек арадан 1 метр аралыкта желек орнотушкан. Кыргыз тарап нааразычылыгын билдиргенде тажик жарандары желекти 2 метрге өздөрү тарапка жылдырышкан.

Кыргыз тарап Эски-Тумба тилкесине (Дача аймагындагы) эски Ак-Сай деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан. Бул окуялардан кийин саат 17:50 чамасында эки тарап уруша кетип, бири-бирине таш ыргытып башташкан.

Жаңжалга болжол менен кыргыз тараптан 40ка жакын киши, тажик тараптан 50гө жакын адам катышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган окуядан кийин Баткен облустук ооруканасына 8 адам жеткирилди. Алардын ичинен үчөө айылдыктар болсо, калганы милициянын, чек ара кызматынын өкүлдөрү.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чыр-чатак учурунда курал колдонулган. Жаңжал саат 17:20 чамасында башталган. Ак-Сайдын тургундары Тажикстандын Ворух айылынын тургундарынын айылдын кире беришине желек орнотушуна каршы болушкан. Анын айынан чыр чыккан. Анын жүрүшүндө чатактын катышуучуларынын бири курал колдонгон. Ок аңчылык куралдан жөнөкөй адамдар тарабынан атылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5 адам жаракат алды. Исфара–Ворух унаа жолу жабылган. Окуя болгон жерде кыргыз чек арачылары жүрүшкөн. Алар тажик тараптын чек арачылары менен биргеликте абалды жөнгө салууга аракет көрүштү. Чек арада укук коргоо органдары дагы бар.

Кечинде Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам Баткен шаарына жеткирилип жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, 5 кичи автобус менен адамдар алынып келген. Дагы 7-8 кичи автобус адамдарды ташып келери айтылып жаткан.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, ок атышуулар токтогон. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Исфара–Ворух унаа жолундагы кыймылдар токтотулду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар кандай окуяларды алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев Баткен облусуна жөнөп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×