Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 23.07.2019 08:31 На русском

Соң-Көлдө 2 унаа кагышып, бир нече адам жаракат алды. Сүрөт

Turmush -  19-июль күнү кечки саат 22:00 чамасында Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда 2 унаа кагышып, бир нече адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдирди.

Маалым болгондой, унаалар жайлоодогу көпүрөдөн кагышкан. Кырсык болгон жерге милиционерлер жана Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү келип, биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, унаанын биринде 3 киши болсо, экинчисинде 2 адам болгон. Айдоочулар ичимдик ичпегени аныкталган.

«19-июлда Соң-Көл жайлоосунда «Хонда Степвагон» жана «Ниссан Х-Трейл» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бирөө фестивалга келе жатса, бири кетип бара жатканы маалым болду. Кырсыктын кесепетинен унаалар жараксыз абалга келип, ичиндеги адамдар жеңил жаракат алган. «Хондада» 2 адам болсо, «Ниссанда» 3 адам болгон. Алардын ичинде 3 жаштагы бала бар. Экөө Ак-Талаа райондук ооруканасына жеткирилсе, үчөө Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.

Айдоочударды атайын текшерүүдөн өткөргөндө экөөнүн тең ичимдик ичкени аныкталган эмес», - деп билдиришти түзүмдөн.

Кырсыкка кабылгандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн Кызыл Жарым Ай Коомунун ыктыярчыларынын айтымында, унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү сыртка алып чыгышкан. Ал эми кырсыкка кабылгандардын арасындагы 3 жаштагы баланы жакын жайгашкан боз үйгө алып кетишкен.

«Бул жол кырсыгы түнкү саат 22:00 чамасында болуптур. Бизге жарым саат кеч угулду. Биз барган учурда унаанын ичиндегилер сыртка чыгыптыр. Баарынын булчуң эттери чоюлуп, жеңил жаракат алган экен. Алардын арасындагы 3 жаштагы баланы ошол жакка жакын жайгашкан боз үйгө алып барышкан. Биз ал боз үйгө барган учурда бала кусуп, катуу коркуп калгандыктан ыйлап жатыптыр. Ооруну убактылуу басуучу дары берип, бардыгын тез жардам унаасына салып, Ак-Талаа райондук ооруканага жибергенбиз», - деди уюмдун ыктыярчысы Адил Арунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×