Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуБаткен району 22.07.2019 23:20 На русском

Чек арадагы чыр: Ак-Сайдагы аялдар менен балдарды Баткенге көчүрүп жатышат. Видео

Turmush -  Бүгүн, 22-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам Баткен шаарына жеткирилип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, 5 кичи автобус менен адамдар алынып келди. Дагы 7-8 кичи автобус адамдарды ташып келери айтылып жатат.

Ак-сайлыктарды №57 лицейдин имаратына жайгаштырып жатышат. Жеринде ӨКМдин, тез жардам кызматынын өкүлдөрү бар.

Ак-сайлык аялдардын бири Баткен шаарына неберелери жана келини менен келгендигин айтты. Үйүндө 1989-жылы туулган баласы калган. Чатак учурунда мылтыктын үнү угулуп турганын кошумчалады.

Учурда 200гө жакын адамды ташып келишти. Аларды №3 мектепке жайгаштыруу пландалып, стадиондо чатырлар тигилип жатат. Баткен шаарына жеткирилген 70 жаштагы апа бул айылда 50 жылдан бери жашай тургандыгын, мындай чатактар дайыма болуп келгендигин айтты. Ал мындай чатактарды жергиликтүү бийлик чече албайт деген пикирде.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 22-июлда саат 17:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Ак-Сай–Ворух жолундагы Төрт-Көчө тилкесине тажик тарап өлкө президенти келет деп даярдык көрүп жатышкан. Саат 17:20 чамасында тажик тарап шарттуу чек арадан 1 метр аралыкта желек орнотушкан. Кыргыз тарап нааразычылыгын билдиргенде тажик жарандары желекти 2 метрге өздөрү тарапка жылдырышкан.

Кыргыз тарап Эски-Тумба тилкесине (Дача аймагындагы) эски Ак-Сай деген жазууну орнотушканда тажик тарап аны сындырып салышкан. Бул окуялардан кийин саат 17:50 чамасында эки тарап уруша кетип, бири-бирине таш ыргытып башташкан.

Жаңжалга болжол менен кыргыз тараптан 40ка жакын киши, тажик тараптан 50гө жакын адам катышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган окуядан кийин Баткен облустук ооруканасына 8 адам жеткирилди. Алардын ичинен үчөө айылдыктар болсо, калганы милициянын, чек ара кызматынын өкүлдөрү.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чыр-чатак учурунда курал колдонулган. Жаңжал саат 17:20 чамасында башталган. Ак-Сайдын тургундары Тажикстандын Ворух айылынын тургундарынын айылдын кире беришине желек орнотушуна каршы болушкан. Анын айынан чыр чыккан. Анын жүрүшүндө чатактын катышуучуларынын бир тарабы курал колдонгон. Ок аңчылык куралдан жөнөкөй адамдар тарабынан атылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5 адам жаракат алды. Азыркы учурда Исфара–Ворух унаа жолу жабык. Окуя болгон жерде кыргыз чек арачылары жүрүшөт. Алар тажик тараптын чек арачылары менен биргеликте абалды жөнгө салууга аракет көрүп жатышат. Чек арада укук коргоо органдары дагы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×