Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.07.2019 22:36 На русском

Нарында бири-бирине бензин чачып өрттөшкөн 2 адамдын бири каза болду

Turmush -  Июнь айында Жумгал районунун Байзак айылында ичкиликтин айынан бири-бирине бензин чачып өрттөшкөн 2 адамдын бири көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Маалыматка караганда, окуядан кийин экөө тең оор абалда райондук ооруканага түшкөн.

Нарын ОИИБдин маалыматына караганда, 13-июлда Нарын шаарынын 1971-жылы туулган тургуну С.Г. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында бир тууган агасы күйүктөн улам каза тапканын билдирген. Окуя 2019-жылдын 25-июнь күнү Байзак айылынын Орто-Кууганды аймагында болгон. Арыз жазган адам 1964-жылы туулган бир тууган агасы С.Д.га А. аттуу айылдашы белгисиз себептер менен башынан ылдый бензин куюп, өрттөп жибергенин билдирген. Агасы денесинин 80% күйгөн абалда Жумгал райондук ооруканасына жеткирилген. Абалы жакшы болбогондуктан 3 күндөн кийин Бишкек шаардык №4 оорукананын күйүктөр бөлүмүндө дарылатышкан. Бирок дарыгерлер 12-июль күнү «биз эч нерсе кыла албайбыз» деп чыгарып беришкен. Жабырлануучу Бишкектен Жумгалга чыкканда көз жумган.

Маркумдун ата-энеси 90 жаштан ашкандыктан убагында арыз жазууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Бул факт боюнча бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×