Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 22.07.2019 21:00

Түп районунда 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү

Turmush -  Түп районунда «Мак-2019» операциясынын алкагында кара курайды жок кылуу жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылы райондун аймагынан 12 миң 677,7 гектар жер изилденген. Анын жыйынтыгы менен 244,7 гектар аянт кара куурайдан жабыркаганы аныкталган. Учурда 6 гектар жер механикалык жол жана кол менен тазаланып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү.

«Талды-Суу жана Көөчү айылында кара куурай өскөн 1,5 гектар жер кол менен тазаланды. Ишембиликке жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жашоочулар болуп 20га жакын адам катышты. Арыктын жээктеринен чабылган кара куурай дароо эле күйүүчү май менен өрттөлүп, жеринде жок кылынды. Мындай ишембиликтерди дагы улантабыз», - деп билдиришти Талды-Суу айыл өкмөтүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×