Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.07.2019 18:27 На русском

Ысык-Көлдүн жайлоосуна арабдар үй-бүлөсү менен келип эс алышууда. Сүрөт

Turmush -  Быйыл Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосуна келген туристтер көбөйдү. Бул тууралуу Темир айылынын тургуну Бакыт Ордобаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жайлоодо ишкерлик кылат.

«Учурда Сауд Арабиядан жана Дубайдан келген арабдар өтө көп. Алар үй-бүлөсү менен бирге келип, суу жээгинде эс алууну жактырышат. Алар жамгырды абдан күтүшөт», - деди ал.

Кырчында эс алып жүргөн дубайлык ага-ини Файсал менен Фрас Кыргызстанга экинчи ирет үй-бүлөсү менен келишкен. Алар Кыргызстанды абдан жактырышканын билдирип, тейлөө багытын мындан да жакшы жолго койсо туристтер абдан көп келет деген пикирин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×