Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.07.2019 17:03

Ак-Суунун Жолголот айылынын жаштары 1,5 км жолдогу чуңкурларды оңдоп чыгышты

Turmush -  Ак-Суу районунун Жолголот айылындагы жаштардын демилгеси менен 1,5 чакырым жолдогу чуңкурлар оңдолду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү жаштар билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдын 2,5 чакырым ички жолу бар. Анын 1 чакырымына асфальт төшөлгөн. Калган жол союз учурунан бери каралбай, айылдыктар жол азабын тартып келишкен.

«Жолду жасоо үчүн айыл жаштары 40 миң сом чогултуп, айыл өкмөткө кайрылдык. Айыл өкмөт бюджеттен 60 миң сом бөлдү. Бул идеябызды облус башчысы да колдоп, 30 миң сом берди. Биз ага 35 тонна цемент алып, айыл ичиндеги чуңкурларды оңдодук. Жаштар акысыз 1 күн иштеп, жолубузду оңдоп алдык», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×