Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 22.07.2019 16:21

Баткенде эреже бузган ондогон айдоочуларга чара көрүлдү

Turmush -  Баткен облусунда 15-июлдан 21-июлга чейин айдоочуларга карата рейд өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга карата 372 протокол толтурулду. Мас абалда унаа башкарган 12 айдоочу, айнектерин караңгылаткан 26 айдоочу, ылдамдыкты ашырып айдаган 26 айдоочу, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 7 адам кармалды. 30 унаа айып короого киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×