Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.07.2019 12:30 На русском

Лейлекте микроавтобус сайга кулап, 6 жаштагы бала мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  Лейлек районунда «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, 6 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочу Исфана—Андарак унаа жолунун 13-15-чакырымында башкарууну жоготуп, унаа сайга түшүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 2013-жылы туулган К.Б. ошол жерде каза болгон. 38 жаштагы айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алды. Куткаруучулар унааны ачып, каза болгон баланы чыгарып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×