Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусу, Талас 22.07.2019 12:22 На русском

Таластагы рейдде мас айдоочулар кармалды

Turmush -  Талас облусунда 15-июлдан 20-июлга чейин «Тонировка» рейди өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүсү Аскар Мураталиев билдирди.

«Рейддин жыйынтыгында айдоочуларга карата 216 протокол түзүлүп, мас абалдагы 5 айдоочу кармалды. Айнектерин караңгылатуу боюнча мыйзамды бузган айдоочуга 5500 сом айып пул салынат. Ал боюнча 2 унаа биздин токтотуучу жайга киргизилип, тиешелүү административдик иштер жүргүзүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×