Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуНоокат району 22.07.2019 11:52 На русском

Жубайлардын өмүрүн алган кырсык: «Гелендвагендеги» жигиттер жана «Жигулидеги» жаш балдар. Видео

Turmush -  Ноокат районундагы жол кырсыктан жубайлар каза болуп, 8 адам ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Ноокат райондук ооруканасынан тастыкташты.

19-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында Ноокат–Папан унаа жолунун 12-чакырымында, тактап айтканда Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С.М. «Мерседес Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү унаасын Папан айылын көздөй башкарып бара жаткан. Ал ошол жерден «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү унааны Ноокат районунун 1966-жылы туулган тургуну А.Т. башкарып жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен «ВАЗ-2104» унаасынын айдоочусу — 53 жаштагы А.Т. жана анын жубайы — 47 жаштагы Ж.Б. окуя болгон жерде каза болду. Ал эми Ноокат райондук ооруканасынан 8 адамдын абалы орто оор экенин айтышты.

Ооруканан маалыматына караганда, 19-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында ооруканага 8 адам келип түшкөн. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, үчөө сыныктар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

«Мерседес Бенц Гелендваген» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү Кара-Кой жайлоосунда эс алып, кайтып келе жатышкан. Ал эми «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүлөрү Көк-Бел айылындагы туугандарынын үйүнөн кайтышкан. «Гелендвагендеги» балдар спирт ичимдиктерин ичишкени айтылууда.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Ноокат районунда эки унаа кагышканын жазган. Күбөлөр кырсыктын видеосун «Репортерго» жөнөтүшкөн.

Видеодон жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар экенин, жабырлануучуларды 2 тез жардам унаасы алып кеткенин айтып жатышканын угууга болот.

Ооруканага түшкөн бейтаптар:

- Ж.Б. (кыз киши) — 1996-жылы туулган, Бел-Өрүк айылынын тургуну. «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- Р.к.Б. (өспүрүм кыз) — 2003-жылы туулган, «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- Т.А. (эркек бала) — 2015-жылы туулган, «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- Т.М. (эркек бала) — 2016-жылы туулган, «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- К.Н. (эркек бала) — 2009-жылы туулган, «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- К.Н. (өспүрүм кыз) — 2007-жылы туулган, «ВАЗ-2104» унаасынын жүргүнчүсү;

- С.М. (эркек киши) — Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну, «Мерседес Бенц Гелендваген» унаасынын айдоочусу;

- А.А. (эркек киши) — 1996-жылы туулган, «Мерседес Бенц Гелендваген» унаасынын жүргүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×