Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.07.2019 15:24 На русском

«Малымды сатып, мелдешке бардым»: Азиянын 6 жолку чемпиону Айнур айымдын спорттогу ийгилиги

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы райондук маданият үйүнүн 57 жаштагы кызматкери Айнур Асанбекова кол күрөш боюнча Азиянын 6 жолку чемпиону болууга жетишти. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1963-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Бала кезинен спортко кызыгып, кол күрөш боюнча мелдештерге катышып келген. 38 жылдан бери Ат-Башы райондук маданият бөлүмүндө эмгектенет. Ал Кыргызстандын кол күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү.

«Дарак бир жерде көгөрөт» дегендей бир эле жерде иштеп келе жатам. Мектепти аяктап, №32 кесиптик окуу жайында билим алдым. 1981-жылы Ат-Башы элдик театрына жумушка орноштум. Ошол бойдон иштеп келе жатам. Маданият жаатында иштегеним менен спорттук мелдештерге дайыма катышып келем.

2007-жылы «Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алдында жаштар арасындагы спартакиадага катышып, кол күрөш боюнча жеңишке жеттим. Кийин облустук анан республикалык спартакиаданы дагы утуп алдым. Ошентип Кыргызстандын кол күрөш боюнча курама командасына мүчө болуп кирдим.

Кол күрөш менен машыкканда кадимки эле гантель, гиря сыяктуу оор темирлерди көтөрөбүз. Быйыл кол күрөш боюнча Азиянын чемпионаты 6-12-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү. Өзүмдүн жаш өзгөчөлүгүм, салмактык категориям боюнча чемпион аталдым.

Чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге мүмкүнчүлүк болбой, бара албай калган учурлар болду. 2010-жылы Индияга, андан кийин Ташкентке 2 жолу бардым. Чемпионат Кыргызстанда 2 жолу өттү. Жалпы 6 жолу чемпион болдум », - дейт А.Асанбекова.

Ал эң алгачкы жеңиши тууралуу айтып жатып, Азия чемпиону болуу оңойго турбаганын белгиледи.

«Биринчи жеңишиме кыйынчылык менен жеттим. 2010-жылы Индияда Азия чемпионаты болмой болду. Машыктыруучум Уран Аалиев “барып келиңиз” деп туруп алды. Бирок жол кирени төлөөгө менин шартым жок болчу. Ошол убакта Индияга жол кире 40 миң сом болгондуктан анын 29 миң сому элден чогулду. Калган каражатты табыш үчүн короодогу уй менен торпокту 25 миң сомго сатып жиберип, Индияга жөнөдүм. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңишке жетип, чемпион болуп келдим. Анда интернет азыркыдай жеткиликтүү эмес болчу. Телеграфка келип, машыктыруучума чалып сүйүнчүлүгөнүм эсимде» , - дейт ал.

Айнур Асанбекова СССР убагында Бүткүл союздук эл чыгармачылыгынын 3-фестивалынын лауреаты болгон, «Маданияттын мыкты кызматкери»,«КРнын Ардактуу айымы», «Спорттун чебери» наамдары менен сыйланган.

Ал үй-бүлөлүү, анын 5 баласы, 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×