Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 20.07.2019 16:10

Ысык-Көлдөгү айылдын борбордук көчөсүнө М.Турсуналиевдин ысымы ыйгарылды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чет-Байсоорун айылынын борбордук көчөсүнө Машруп Турсуналиевдин ысымы ыйгарылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары жана М.Турсуналиевдин туугандары катышты.

Айыл тургундарынын айтымында, Машруп Турсуналиев өзү туулуп өскөн Чет-Байсоорун айылынын өнүгүшүнө салым кошуп келген. Эгемендүүлүк алган жылдары айылга биринчилерден болуп тегирмен салып, элди техника менен камсыздаган, ошондой эле кайрымдуулук иштери менен алектенген.

Айыл элинин сунушу менен Ананьев айылдык кеңеши Машруп Турсуналиевдин ысымын айылдын борбордук көчөсүнө ыйгаруу чечимин кабыл алган.

М.Турсуналиев 6 жыл мурун мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×