Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 20.07.2019 14:43

Кара-Суунун Чаар-Айгыр көлүнө 200 миң балыктын чабактары коё берилди. Видео

Turmush -  Кара-Суу районундагы Чаар-Айгыр көлүнө 200 миң балыктын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Ош, Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун инспектору Туратбек Төлөгөнөв билдирди.

Анын айтымында, 200 миң балыктын чабактары Чаар-Айгыр көлүнө, ал эми Алай районундагы Көлдүк көлүнө 150 миң чабак коё берилди. Алар Өзгөн районундагы Өзгөн балык чарбасынан балыктын чабактарын алып, балыктарды көбөйтүү максатында башка аймактагы көлдөргө салышты.

Балыктарды көлдөргө салуу иштерине аталган коомдун төрагасынын орун басары Алмаз Сатыбалдыев, мүчөсү Улукбек Сейдалиев жана эки жергиликтүү тургун катышты.

Буга чейин Чаар-Айгыр көлүнө 1 млн балыктын чабактары коё берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×