Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 20.07.2019 11:52 На русском

Нарындан 70 бала Ысык-Көлдө акысыз эс алууга жөнөп кетишти

Turmush -  Нарын облусунан 70 бала Ысык-Көлгө акысыз эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук усулдук билим беүү борборунун кызматкери Айзада Мадеева билдирди.

Анын айтымында, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн, ата-энесинен ажыраган 70 бала Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна 10 күндүк эс алууга жөнөп кетишти.

«Ак-Талаа районунан 14, Жумгалдан 12, Кочкордон 8, Ат-Башыдан 16 жана Нарын району менен Нарын шаарынан 20 бала кетти. Алардын эс алуусуна, тамак-ашы жана жатаканасы үчүн Президенттик фонддон каражат бөлүнгөн. Алардын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Нарын облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп кетишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×